• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада мигранттын социалдык картасын түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Кечээ, 11-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Москва өкмөтүнүн министри, Москва шаарынын Тышкы экономикалык жана эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Сергей Черемин менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Жолугушууда Москва өкмөтү менен учурдагы өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде тиешелүү кызматташтык программаларын ишке ашыруу маселелери, ошондой эле маданий-гуманитардык багыттагы иш-чараларга кыргызстандык мекендештерди тартуу боюнча пландаштырылган биргелешкен долбоорлор талкууланды. Москва өкмөтүнүн мигранттын социалдык картасын түзүү деп аталган пилоттук долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.

Тараптар өз жыйынын өткөрүү үчүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз-Москва өкмөттөр аралык комиссиясынын жаңы курамын түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруунун максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Жолугушууда Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон кийин андан ары кол коюу үчүн Бишкек шаарынын мэриясы менен Москва шаарынын өкмөтүнүн ортосундагы 2021-2023-жылдарга карата кызматташтыктын жаңы программасынын долбоорун жайылтуу маселелерин иштеп чыгуу белгиленди.

2021-жылдын 24-25-февралында президент Садыр Жапаровдун Россияга болгон иш сапарынын жыйынтыгында Москва шаарында Кыргыз илим жана маданият үйүн жана Бишкекте Россиянын илим жана маданият борборун түзүү талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий