• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москвада OZON компаниясында иштеген Кыргызстандын 8 жараны ооруканага түштү

Ден соолук 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва областындагы OZON компаниясынын кампасында иштеген КР жарандарынын менингит менен жапырт ооруп жатканы боюнча окуяга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

Алынган маалымат боюнча, Истра аймактык клиникалык ооруканасына КРнын 3 жараны жана Красногорск шаардык №1 ооруканасына 5 жаран жаткырылган. Алардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Учурда Роспотребнадзор тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, оорулуулардан тиешелүү анализдер алынууда.

"Аталган жерге барган элчиликтин кызматкери OZON компаниясынын, Роспотребнадзордун жана медициналык мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушту", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий