• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москвада полиция мигранттардын катышуусундагы массалык мушташты токтотуп калды

Коом 0

Бишкек, 21.09.17. /Кабар/. Москва шаарынын полициясы “Москва” соода борборунда күзөтчүлөр менен 50дөй мигранттын мушташын токтотуп калды. Бул тууралуу РИА Новости өзүнүн укук коргоо органдарындагы жеке булактарына таянып жазып чыкты.

““Москва” соода борборунда массалык мушташ токтотулуп калды. Мушташтын башкы себеби соода борбордун күзөтчүлөрү эмгек мигрантын сабап койгону болгон. Кечинде 50дөй киши жана гастарбайтерлер соода борборуна келип, күзөтчүлөр менен мушташууну пландашкан”,-деп билдирген булак.

Анын айтымына караганда, полиция окуя болгон жерге убагында жетип келип, мушташтын алдын алган.

Пикир

Оставить комментарий