• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада Путиндин шайлоо штабы ачылды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.01.18 /Кабар/. Москвада төртүнчү жолу Орусиянын президенти болууга талапкерлигин көрсөткөн Владимир Путиндин шайлоо штабы ачылды.

Штабдын тең төрагасы болуп “Сириус” балдар борборунун жетекчиси Елена Шмелева, "Камаз" компаниясынын башкы директору Сергей Когогин жана Балдар онкология борборунун директору Александр Румянцев дайындалды. Штабдын маалымат катчысы – “Крым. Мекенге карай жол” тасмасынын автору, Кремлдин ишенимдүү журналисти Андрей Кондрашов.

Шаршембиде Путин штабга келип, ыктыярчылар менен баарлашты.

Путиндин талапкерлигин колдоо үчүн кол топтоо штаб ачылганга чейин эле башталган. Бул ишти студенттерден турган “Орусия ыктыярчылары” уюмунун активисттери жүргүзүүдө. Январдын соңуна чейин 300 миң кол топтоо керек.

Бул арада Орусиянын ар кыл аймактарынан кол топтоо учурунда административдик ресурс колдонулуп жатканы тууралуу маалыматтар түшүүдө.

Путин штабдын тең төрагалары менен жолугушуу учурунда кол чогултууда кемчиликтерди кетирбөөнү сурады, деп билдирди Интерфакс.

Орусияда президенттик шайлоо 18-мартта өтөт.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий