• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада РФ ИИМнин кызматтык унаасы кыргыз жаранын сүзүп кетти

Дүйнө 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Москвада Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва боюнча башкы башкармалыгынын баңгизаты менен соода кылууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Юрий Девяткиндин кызматтык унаасы Кыргызстандын жаранын сүзүп кетти.

"Московский Комсомолец" басылмасы жазгандай, 42 жаштагы Девяткин атайын сигналдары бар "Тойота Камри" үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан. Рулду 2004-жылдан бери айдоо тажрыйбасына ээ ички кызматтын прапорщиги, 33 жаштагы айдоочу башкарган.

Унаа Большая Якиманкадан Большой Кремлёвский көпүрөсүн көздөй бара жаткан. 15-үйдүн бет маңдайында ал 23 жаштагы Кыргызстандын жаранын сүзгөн. Кыргызстандык жигит досу менен жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн аймагынан сырткары жерден чуркап өткөн.

"Жаракат алган жаранды 1чи шаардык ооруканага жеткиришкен. Анын башы чайкалып, чеке жагы көгөрүп калган. Жөө жүргүнчүнү кырсыкка күнөөлүү деп табышы мүмкүн. Себеби ал жол кыймылынын эрежесин бузган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий