• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Россияда соттолгон кыргызстандыктардын жакындарына юридикалык консультациялар берилди

Коом 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Кечээ, 25-августта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде РФда соттолгон КР жарандарынын жакындары менен жолугуу болду. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россияда кыргызстандык жарандар тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелер, ошондой эле баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө, коомдук тартипти бузууга, массалык мушташтарга катышууга каршы күрөшүү маселелери талкууланды.

Ошону менен бирге, жолугушуунун катышуучуларына жазык ишин кароо тартиби, соттолгондордун укуктары, жазык мыйзамында далилдөө, жазаны дайындоо жана өтөө, ошондой эле соттолгондордун жазасын КРда өтөөгө которуу тартиби боюнча кеңири юридикалык кеңештер берилди.

Консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн КРнын соттолгон жарандарынын ата-энелеринин ар бири менен жеке иш жүргүзүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери катышып жаткан жарандардын бардык суроолоруна жооп беришти.

Жолугушууда москвалык жактоочу да сөз сүйлөп, кармалгандардын, камакка алынгандардын жана соттолгондордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу катышуучуларга айтып берди.

Жыйынтыгында иш-чаранын катышуучулары көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашышты.

Жаңы кылмыштардын алдын алуу максатында элчилик Россияда жүргөн кыргызстандык жарандарды РФнын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий