• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Москвада Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү болуп өттү

Саясат 0

Бишкек, 06.03.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев жана Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү болуп өттү.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу Руслан Казакбаевдин Россияга болгон расмий сапардын алкагында 2022-жылдын 5-мартында Москва шаарында өткөн.

Мурда билдирилгендей, бул сапар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин белгиленишинин 30 жылдыгынын урматында өтүп жатат.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-орус кызматташтыгынын бардык көп пландуу спектри боюнча олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы биримдик мамилелердин жана стратегиялык өнөктөштүктөрдүн деңгээлин, эки тараптын кызыкчылыктарын билдирген бардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамиделердин өнүгүшүн жогору баалашты.

Өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамиленин белгиленишинин 30 жылдыгына тарыхый маани берүү менен, Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасы эки тараптуу деңгээлде кандай болсо, ошондой эле БУУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ жана ЕАЭБ сыяктуу эл аралык жана региондук уюмдардын алкагында өз ара ишенүүгө жана түшүнүүгө негизденген Россия Федерациясы менен кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө багыт алганын белгиледи.

Соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, региондор аралык кызматташуу, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерине чоң көңүл бурулду.

Ушул жылда ЕАЭБда Кыргызстандын төрагалык кылышына байланыштуу министр Р. Казакбаев интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүү үчүн максаттарга жана артыкчылыктуу кадамдарга биргеликте жетүүдө ишеничин билдирди. Тараптар мамлекет жана өкмөт башчыларынын деңгээлинде, ошондой эле биринчи Евразия экономикалык форумдун алкагында Кыргыз Республикасында пландалып жаткан иш-чараларды талкуулашты.

Кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташуу маселелерине кайрылуу менен Руслан Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнүн өскөндүгүнө канааттануусун, ал коронавирус пандемиясынын татаал шартына карабастан, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча 2,2 млрд АКШ долларга жеткенин жана 46,5%га өскөнүн билдирди. Россиянын түз инвестициясы иш жүзүндө 2021-жылы Кыргызстанга келген чет өлкө инвестицияларынын жалпы көлөмүнүн 60%ын түзөт.

Билим берүү чөйрөсүнүн маселелери боюнча Р.Казакбаев россия тараптан жалпыга билим берүү мекемесин куруу, М.Ломоносов атындагы ММУнун, Н.Бауман атындагы ММТУнун жана башка РФнын алдыңкы ЖОЖдорунун филиалдарын ачуу маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги келишүүлөр тез арада ишке ашышына үмүт артарын билдирди.

Тышкы саясий ведомстволордун башчылары Россияга келүүчү жана эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруучу Кыргызстандын жарандарынын маселелерин да талкуулашты. Атап айтканда медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүнүн, дактилоскопиялоонун, миграциялык каттоого коюунун кыйынчылыктарына байланышкан, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен («кара тизмеден») биздин жарандарды чыгаруу маселелери каралды.

Р.Казакбаев кыргыз үлгүсүндөгү сертификаттарды берүү менен КРнын аймагында КР жарандары медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүү мүмкүндүгүн кароону россия тарапка сунуш кылды.

Андан тышкары Кыргызстандагы Россиянын көп функционалдык миграциялык борборунун мекемесинин маанилүүлүгү белгиленди, ал Россиянын аймагына барганга чейин Кыргыз Республикасынын жарандары зарыл жол-жоболордон алдын ала өтүүгө көмөктөшүү менен алектенет.

Биргелешкен пресс-конференциянын жүрүшүндө тышкы саясий ведомствонун башчысы Р.Казакбаев өзүнүн сөзүндө Кыргызстандыктар Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө чочулоо жана кооптонуу менен көз салып жатышканын белгиледи.

Кыргыз Республикасы жаңжалды тынч жолу менен жөнгө салуу боюнча Россия менен Украинанын ортосунда сүйлөшүү процесси башталганын колдорун жана тараптардын, биринчи кезекте, атышууну токтотууга жана кризистен чыгууга өбөлгө түзгөн өз ара ыңгайлуу чечимдерге тез арада жетишине кызыкдар экенин баса белгиледи. Кандай гана кагылышуу болбосун аны бөтөнчө саясий-дипломатиялык каражаттар менен, анын ичинде, эгерде мурдагы ыкмалар иштебей калса, жаңы форматтарды жана механизмдерди түзүү жолу менен чечүү зарылдыгын өзгөчө белгиледи.

Кыргыз тарап бул багытта кандай гана болбосун ортомчулук аракеттерди колдорун билдирди жана зарыл болсо тынчтыкты орнотууга жана өз ара түшүнүшүүгө көмөк көрсөтүүгө өздөрүнүн даяр экендиктерин билдирет. Аны менен ортомчулук миссиясы боюнча Бишкектин оң тажрыйбасы бар экенин белгиледи: 1994-жылы Бишкекте Нагорный Карабахтагы Армения менен Азербайжандын ортосундагы атышууну токтотуу жөнүндө Протоколго кол коюлган, 1997-жылы ушул Бишкекте Тажикистандын расмий бийлиги менен Бириккен тажик оппозициясынын саясий маселелери жөнүндө протоколуна кол коюшкан.

Эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген бардык жааттардагы жана багыттардагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү жана өнүктүрүү зарылдыгы жөнүндө пикирлердин бирдей болушу сүйлөшүүлөрдүн маанилүү жыйынтыгы болуп калды.

Россия тарап конституциялык реформанын ийгиликтүү өткөнүн, парламенттик шайлоонун жүзөгө ашканын жана аткаруу бийлик органдарынын түзүлгөнүн кошо алганда, Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын турукташканын колдоду. Министр С. Лавров Кыргызстан Борбор Азия регионунда оң көрүнүштөгү күн тартибин алга жылдырарын, ал региондун өлкөлөрүнө оң өзгөрүүлөрдү сездирерин ишенимдүү билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык мамиленин белгиленишинин 30 жылдыгы боюнча Биргелешкен билдирүү кабыл алышты, ошондой эле кезектеги үч жылдык мезгилге эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун Кызматташуу программасын бекитишти.

Пикир

Оставить комментарий