• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Москвада Самат Курманкуловду академик Потапов карап чыкты

Коом 0

Бишкек, 14.08.19. /Кабар/. 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборго жөнөтүлгөн Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин КТРК каналына билдиргендей, аталган оорукананын академиги Александр Потапов бейтапты өзү карап чыккан.

“Ошондой эле, дарыгерлердин жыйыны өтүп, анда Курманкуловду мындан аркы дарылоо иштери талкууланды. Москвага Курманкуловду жубайы да коштоп келген. Ага убак-убагы менен бейтаптын жанында болууга уруксат берилди”, - дей министрдин орун басары.

Эске сала кетсек 7-август күнү Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Ага эки ирет операция жасалып, ушул жуманын башында Москвага дарыланууга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий