• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада спортчунун өлүмүнө шектелип алты тажик жараны кармалды

Дүйнө 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Москвада грек-рим күрөшү боюнча спорттун чебери Сергей Чуевдин өлүмүнө шектелип Тажикстандын алты жараны кармалды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Москва шаардык тергөө башкармалыгындагы өз булактарына таянып билдирди.

Алгач орусиялык ЖМКлар 34 жаштагы Сергей Чуев ишембиге оогон түнү Москвада кош бойлуу келинди бейбаштардан коргоо маалында өлтүрүлгөнүн кабарлашкан. Бирок Орусиянын Тергөө комитети бул маалыматты четке кагып, спортчу топтошкон адамдар жолдон өткөрбөй жаткан эки өспүрүмгө жардам берип жатканда сабалганын билдирди.

Ал ортодо тажик жарандарынын жыртылган шым жана ич кийимчен тартылган сүрөттөрүнүн интернетке жарыяланышы тажикстандык социалдык түйүн колдонуучуларынын нааразылыгын жаратты. Айрым басылмалардын билдиргенине караганда, кармалгандар качып кетпесин деп алардын шымдарын жана ич кийимдерин атайын жыртып коюшкан.

Москвадагы Тажик маданий борборунун төрайымы Хуршед Хамрокулова кармалгандарга карата мындай кемсинтип мамиле кылуу туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, азырынча мигранттардын күнөөсү далилдене элек жана аларды эч ким кемсинтип, мазактоого акысы жок.

Пикир

Оставить комментарий