• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москвада суунун жээгинен эки кыргызстандыктын сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Россиянын Москва облусунда “Жуковский” аэропортунун жанында эки кыргызстандыктын сөөгү табылды. Бул тууралуу КМШ аймагында уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш иштерин координациялоо боюнча бюронун директорунун орун басары Аскат Алиев Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымына караганда, 2017-жылдын 29-декабрында алар жашаган батирден чыгып, кайтып келишкен эмес. Дайынсыз жоголгондордун туугандары эртеси күнү Москва шаарынын полициясына кайрылган соң, аларды издөө иштери башталган.

Алсак, 30-декабрда Москва облусунун Жуковский шаарында Наркомвод көчөсүндөгү Москва дарыясынын жээгинен балыкчылар 38 жаштагы эркек кишинин сөөгүн табышкан. Полиция экинчи жоголгон кыргыз жаранынын 37 жаштагы сөөгүн тапкан. Ал биринчи маркум табылган жерден алыс эмес жайдан 7-январда табылган.
Москванын Тергөө комитети тарабынан РФ Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда полиция кылмышка тиешеси бар адамдарды издөөдө.

Пикир

Оставить комментарий