• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Москвада Сыдыковдун “Манас” эпосун айтуусунун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү

Маданият 0

Бишкек, 31.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта Москвада Дөөлөт Сыдыковдун “Манас” эпосун айтуусунун башталышына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин жана Россиядагы кыргыз диаспора уюмдарынын колдоосу менен өткөрүлдү.

Ага элчи Гүлнара-Клара Самат манас таануучулар, диаспоралык уюмдардын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттары катышты.

Элчи өз сөзүндө улуу Манастын кыргыз эли үчүн өзгөчө ыйык маанисин белгилеп, Дөөлөт Сыдыковго анын бийик миссиясына жетүүдө ийгилик каалады.

Өз кезегинде манасчы Дөөлөт Сыдыков бул иш-чараны Москвада уюштурууга көмөк көрсөткөн тараптардын колдоосу жана жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине кирген. Ошондой эле “Манас” эпосу дүйнөдөгү эң чоң эпос катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Пикир

Оставить комментарий