• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада өтө турган Жеңиш парады жылдырылгандыгы кабарланды

Дүйнө 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына карата Москвада 9-майда өтүүчү Жеңиш парады жылдырылды. Тиешелүү чечим кабыл алынды жана жакын арада бул тууралуу кабарланат. Аталган маалыматты "Интерфакс" басылмасы РФ президентинин администрациясындагы жеке булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, параддын жылдырылгандыгы тууралуу билдирүү бүгүн, 16-апрелде айтылышы мүмкүн.

Буга чейин Мамдуманын Коргонуу боюнча комитетинин башчысы Владимир Шаманов "Интерфакс" басылмасына Россиянын ветеран уюмдары өлкө башчы Владимир Путинге Жеңиш парадын жылдыруусу боюнча кайрылуу жасаганын билдирген.

Владимир Шаманов парадды 24-июнга же 3-сентябрга жылдырса болорун айтат.

Пикир

Оставить комментарий