• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада таксист сүзүп кеткен жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү - элчилик

Коом 0

Бишкек, 06.09.22. /Кабар/. Москвада таксист сүзүп кеткен жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрда саат 19:00 чамасында Москва шаарынын Профсоюзная-Миклухо-Маклая көчөлөрүнүн кесилишинде таксист 1988-жылы туулган К.Ж.К. аттуу Россиянын жаранын (Кыргызстанда туулган) сүзүп кеткен, ал алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.

Сүзүп кеткен таксинин айдоочусу 1992-жылы туулган Кыргызстандын Т.А.А. аттуу жараны болгон, ал жол эрежесин бузуп, светофордун тыюу салуучу жарыгына өтүп кетүүгө аракет кылган.

Учурда Россиянын Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын Түштүк-Батыш административдик округу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан бул адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Т.А.А. камакка алынган.

Элчиликтин жардамы менен тергөө органдары маркумдун агасына инисинин сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынып, сөөк Кыргызстанга жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий