• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Москвада Тажикстан жарандарын РФ иштөө үчүн жөнөтүү келишимине кол коюлду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 17-апрелде Москвада жолугушту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 17 документке кол коюлду, алардын арасында Душанбе, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларына орус тилдүү мектептерди куруу жана билим берүү мекемелерин материалдык-техникалык жактан жабдуу, убактылуу иштөө үчүн Орусияга Тажикстан жарандарын жөнөтүү келишимдери бар.

Эмомали Рахмон журналисттер үчүн билдирүү жасаган учурда тажик-орус сүйлөшүүлөрү жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. Ал акыркы жылдары РФ иштөө үчүн жөнөгөн тажик эмгек мигранттарынын саны азайып баратканын айтты.

Тажик президенти Эмомали Рахмондун Москвадагы сапары маалында Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" оппозициялык тобунун эки тарапкери 17-апрелде Кремлдин жанына акцияга чыгышты.

Алардын бири колуна "Эмомали Рахмон – Борбор Азиядагы диктатор" деген жазууну кармап, экинчиси Тажикстанда камакта отурган "саясий туткундардын" баарын бошотууну талап кылды.

Пикир

Оставить комментарий