• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада теракт уюштурууга шектелгендер кармалды

Дүйнө 0

БИШКЕК, 15.08.17 /Кабар/. Россиянын Федералдык коопсуздук кызматы Москвада террорчул топ колго түшүрүлгөнүн билдирди. "Интерфакс" агенттиги кабарлагандай, бул топ баш калаанын соода борборлорунда теракт уюштурууга даярданган деп шектелүүдө.

Маалыматка ылайык, кармалган төрт кишинин үчөө -тажик жарандары. Жардыруучу затты мыйзамсыз алып жүргөн деп айыпталган бул кишилердин бири күнөөсүн мойнуна алганы кабарланды. Сот аларды эки айга камакка алды.

Төрт адамдын бири Россиянын жараны экени белгилүү болду. Бирок анын баш коргоо чарасы тууралуу азырынча маалымат жок.

Россиянын атайын кызматы кармалгандардын арасында тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун эмиссары, жардыргыч зат жасоочу адис жана эки "жанкечти" бар деп кабарлады.

Апрель айында 14 адамдын өмүрүн алган Санкт-Петербургдагы жардыруудан бери Россиянын аймагында теги борборазиялык кеминде 17 адам кармалды. Тергөөчүлөр Кыргызстанда төрөлүп, орус жарандыгын алган Акрам жана Аброр Азимовдорду теракттын негизги уюштуруучулары катары көрсөтүп келет. Азимовдор кармалганга чейин ФСБнын жашыруун түрмөсүндө кыйноого кабылганын айтып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий