• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Москвада өткөн бий сынагында кыргыз бийчилери 8 медаль утушту

Маданият 0


Бишкек, 16.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык жаш бийчилер Москвада өткөн “Русский стандарт. МатрЕшка Style-2017” эл аралык бий сынагында 8 медаль утушту. Бул тууралуу КР бий спорту боюнча федерациянын президенти Сергей Титунин билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Москвада 11нен 12-ноябрь аралыгында бий боюнча сынак өтүп, ага 12 мамлекеттен жана Россиянын 40 аймагынан келген спортчулар катышкан.

“Бул сынакта биздин бийчилер мыкты жыйынтык көрсөтүштү”,-деп билдирди Титунин.

Пикир

Оставить комментарий