• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Москвада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мекендештерин тоноп келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Россияда иштеп, соода менен алектенген эмгек мигрантын опузалоого жана карактоого шектелген Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын апрель айынын башында Кыргызстандын Россиядагы ИИМ өкүлчүлүгүнө кыргызстандык жаран кайрылып, чала тааныш адамдар карактап кеткендигин билдирген.

Аныкталгандай, "Баха" аттуу жаран белгисиз бир киши менен Москвада ишкерди күч менен унаага отургузуп, курал менен коркутуп ири көлөмдөгү акчасын алып кеткен.

Бул арыз боюнча кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк "Баха" аттуу кыргызстандык жаран 42 жаштагы Б.К. экени аныкталган. Ал жаран ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турары белгилүү болгон. Б.К. бир нече ирет сот жоопкерчилигине тартылган.

Кыргызстандын Россиядагы ИИМ өкүлчүлүгүнүн аракети менен ал жаран июль айынын башында кармалган.

Россиянын мыйзамдарына ылайык кармалган жаран тергөө бүткөнгө чейин Москва шаарындагы Тергөө абакта камакта болот.

Пикир

Оставить комментарий