• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада вагондон өрт чыгып, кыргызстандыктардын балдары реанимацияга түштү

Кырсык 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Москванын батышында өрт болуп, кичикий балдар жаракат алган. Тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Москва” шаардык маалыматтар агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарга шилтеме берип кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 6-февраль күнү Родниковая көчөсүндөгү курулушта өрт чыккан. “Өрт болуп жаткан жерден куткаруучулар эки кичинекей кызды алып чыгышкан. 7 айлык ымыркайдын колу жана бети күйгөн, ал эми анын 3 жаштагы эжекесинин бети, кулактары, колдору жана таманы күйүп калган. Балдар кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген”, - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттүн себеби – электр жабдууларын колдонуудагы коопсуздукту сактабагандыктан келип чыккан.

Жабыркаган кыздардын ата-энесинин өздүгү такталган. Алар 30 жаштагы жана 22 жаштагы Кыргызстандын жарандары. Алар Москванын 3-Михайловск проездинде жашагандыгы такталган.

Учурда Тергөө комитети өрттүн чоо-жайын жана кандай себептер менен балдар жалгыз вагондо болгондугун териштирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий