• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвада ымыркайлар үчүн жалаяк жасап иштеген кыргызстандыктардын ийгилиги

Коом 0

Бишкек, 20.11.18. /Кабар/. Кыргызстандыктардын Москвадагы балдар жалаягын сатуу ишмердүүлүгү чоң бизнес-долбоорго айланып кеткен. Бул тууралуу маалыматты мекендештер Facebook баракчасында кабарлашкан.

Алардын айтуусунда, аталган стартаптын идеясы мурун капысынан жаралып калган. Ошол кезде алар Москванын туштүк-чыгыш тарабында “Садовое” базарына жакын Люблино районунда жашашчу.

Алар жалаяк кездемелерин дүңүнөн сатып алып, аларды жалаяк кылып тигип, базарга өткөрүп иштей башташкан. Бир нече убакыттан кийин кичи-цех ачып, ишти алдыга жылдырышкан. Азыр өздөрүнүн Aldey_aldey (алдей-адей) деген бренддери бар.

Андан тышкары, бизнесмендер өздөрүнүн дүкөнүн ачканга жетишкен. Ал жерде кардарлар өздөрүнө жаккан жалаякты колдору менен кармап көрүп, сатып алышса болот.

Пикир

Оставить комментарий