• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада өз мекендешин зордуктоого шектелген кыргызстандык кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.18. /Кабар/. Москвада Кыргызстан ИИМнин өкүлдөрүнүн иш-аракетинин алкагында өз мекендешин зордуктоого шектелген кыргызстандык кармалды,-деп билдирет КР ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 24-апрелинде РФдагы КР ИИМ өкүлчүлүгүнө 1989-жылкы Ош облусунун жараны кайрылып, ага чала тааныш бала тарабынан күч колдонуу болгондугун айткан. Белгисиз эркек киши бычак менен коркутуп, аны зордуктаган.

Эки күндүн ичинде жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жүрүшүндө 1991-жылы туулган КР жараны Ош облусунун Ж.Б., аттуу жараны кармалган. Шектүү полициянын аймактык бөлүмүнө жеткирилген.

Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки амалдар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий