• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада өз мекендештерин тоноп, акча опузалаган кылмыштуу топ кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Москва шаарында өз мекендештерин тоноп, акча опузалаган 4 кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын милиция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгүнө азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенишип, өз мекендештерин ар кандай шылтоолор менен тоноп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте Россиянын укук коргоо органдары менен тыгыз иштешүүнүн аркасы менен өз мекендештерин опузалап талап кылган адамдарды аныктоо жана кармоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Ушул жылдын декабрь айында кыргыз милициясынын Россиядагы өкүлчүлүгүнө кыргызстандык 36 жаштагы жаран кайрылган. Ал Москва шаарында белгисиз адамдар Ош облусунун Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургунун уурдап кетишкенин билдирген.

"Кылмышкерлер байкесин токойго алып барышып, бычак менен денесине жаракат келтиришкен. Алар 200 миң рубль талап кылышып, мындан соң ай сайын 100 миң рубль берип турасын деп күч колдонуп коркутушкан", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы аймактык бөлүмүнө катталып, опузалап талап кылган кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жүргүзүлгөн.

12-декабрь күнү акча каражатын накталай алып жаткан жеринен адамды уурдоо, опузалап талап кылуу боюнча оор кылмыштарга шектелип 22 жаштагы Алай районунун Н.А., аттуу тургуну, Өзгөн районунун Ш.И., аттуу тургуну, 20 жаштагы Өзгөн районунун М.М., аттуу тургуну жана 31 жаштагы Ош облусунун И.Д., аттуу тургуну кармалган.

Аталган факты боюнча Москва шаарынын Тергөө комитети тарабынан Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренеси (Адамды урдоо), 163-беренесинин 2-бөлүмү (Алдын ала бүтүмгө келүү менен зомбулук көрсөтүү аркылуу адамдардын тобу тарабынан опузалап талап кылуу) боюнча кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар тергөөнүн аягына чейин Москва шаарынын Тергөө абагына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий