• 79.5
  • 83.15
  • 1.47
Кыргызское национальное информационное агентство «Кабар»

Москвада ЖККУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү - сүрөт

Президент 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-майда, Москва шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына карата Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин мааракелик жыйыны өттү. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кремлде тегерек столдо жолугушту.

Катышуучулар ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча позицияларды биргелешип координациялоо жана жамааттык коопсуздук системасын өркүндөтүү боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына байланыштуу ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин билдирүүсүнө кол коюшту, ошондой эле Казакстандын аймагында 2022-жылдын январында ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясынын катышуучуларын сыйлоо жөнүндө чечимин кабыл алышты.

Пикир

Оставить комментарий