• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата конференция өттү

Маданият 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 30-июнунда Москва улуттар үйүндө кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата Кыргызстандын Россиядагы элчиликтин колдоосу менен Москвадагы кыргыз диаспорасы уюштурган конференция болуп өттү.

Элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, достук мамиледеги элдердин диаспора өкүлдөрү катышты.

"Өмүрүн Мекенинин көз карандысыздыгы жана кыргыз элинин жаркын келечеги үчүн күрөшүүгө арнаган Жусуп Абдрахмановдун жаркын элесин ар бирибиз жүрөгүбүздө ыйык тутушубуз керек", - деп баса белгилеген өз сөзүндө элчиликтин кеңешчиси Алмаз Букалаев.

Жусуп Абдрахманов советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин биринчи төрагасы болгон. Ал Сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп, 1938-жылы атылган.

Пикир

Оставить комментарий