• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада Кыргызстан менен Саха Республикасынын эки тараптуу кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Кечээ, 29-мартта Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде элчи Гүлнара-Клара Самат менен Саха Республикасынын (Якутия) Мамлекеттик жыйынынын төрагасынын биринчи орун басары Александр Жирков менен жолугушуусу болуп өттү.

Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Саха Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анын ичинде, маектешүүчүлөр байланыштарды активдештирүү жана делегациялардын өз ара визиттерин уюштуруу зарылдыгын белгилешти.

Александр Жирков ушул жылы Саха Республикасында Якутия АССРнын негизделгендигинин 100-жылдыгы белгиленип жатканын билдирип, элчи Г.-К.Саматты аталган мааракеге катышып кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде элчи эки элдин тарыхый жана маданий байланыштары мамилелерге өзгөчө из калтыра тургандыктан Саха Республикасы менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экономика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия элдеринин маданий мурастарын сактоо боюнча кызматташууну бекемдөөнү макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий