• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвадагы Айтматов атындагы паркта жазуучунун чыгармаларынын каармандары пайда болот

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Москванын борбор бөлүгүндөгү Чыңгыз Айматов атындагы сейил бакта жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын айкелдери орнотулат.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйыны учурунда бул маселе боюнча эки тарап сүйлөшүп жатканын жана сейил бактын аймагына жазуучунун каармандарынын айкели четинен коюла турганын айтты.

Мындан тышкары, Маданият министрлиги Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жана кыргыз диаспоралары менен биргеликте келерки жайда сейил бакта Айтматовдун чыгармаларын окууну өткөрүүнү көздөөдө. Ал улуу жазуучунун бай адабий мурасына жаш муундун назарын бурдурууга арналган.

Белгилей кетсек, Москвада Чыңгыз Айтматов атындагы сквер ачылган. Ал Данилов районундагы Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин кесилишинде жайгашкан.

Жазуучунун туулган күнүн утурлай 7-декабрда паркта Айтматовдун эстелиги ачылган.

Эстеликтин ачылыш аземине Москва шаарынын мэрии Сергей Собянин, Кыргызстанжын аданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Россиянын маданият министри Владимир Мединский, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев, РФ президентинин эл аралык жана маданий кызматташуу боюнча атайын өкүлү Михаил Швыдкой катышкан.

Москва шаарындагы Айтматовдун эстелигинин автору Азамат Абдрахманов, Россия тараптан архитектор — Сергей Павлов. Скульптура колодон куюлган. Анын бийиктиги постаментти эсептебегенде — 2 м 70 см.

Пикир

Оставить комментарий