• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвадагы кинофестивалда “Шамбала” тасмасы эки сыйлыкка татыды

Маданият 0

Бишкек, 06.09.21. /Кабар/. Москвада өткөн "Биз жашайбыз!" аттуу кинофестивалда режиссер Артыкпай Сүйүндүков тарткан “Шамбала” тасмасы эки сыйлык алып келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Т.Океев атындагы улуттук “Кыргызфильм” тарабынан режиссер Сүйүндүков тарткан “Шамбала” толук метраждуу ойномо фильми 27-августтан 3-сентябрга чейин Москвада өткөн "Биз жашайбыз!" аттуу 10-кинофестивалга катышкан.

Тасма “Толук метраждуу кинодо мыкты операторлук иши үчүн” аттуу номинацияны жеңип, операторлор Акжол Бекболотов менен Мурат Алиев кинофестивалдын дипломдору менен сыйланышты.

Аталаган кинофестивалда режиссер Сүйүндүков “Толук метраждуу фильмдердин конкурсунда фестивалдын президентинин сыйлыгына” ээ болду.

Фильмдин операторлору буга чейин да Испанияда өткөн Imagine India Film Festival эл аралык кинофестивалында мыкты камералык чыгарма үчүн сыйлыкты жеңип алышкан.

Белгилдей кетсек, "Шамбала" толук метраждуу ойномо фильми буга чейин "КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты тасмасы" номинациясын алып, "Ника" сыйлыгына татыктуу болгон.

Шамбаланын ролунда ойногон Артур Аманалиев калыстар тобунун атайын диплому менен сыйланган. Эң мыкты музыка үчүн сыйлык композитор Мурзали Жээнбаевге ыйгарылган.

“Шамбала” ойномо фильми Ч.Айтматовдун “Ак кеме” чыгармасынын негизинде 2020-жылы тартылган.

Пикир

Оставить комментарий