• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Екатеринбургдагы мигранттардын мушташы: Кыргызстан жана Тажикстандын 18 жараны кармалды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү жана Россиянын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Москванын Екатеринбург шаарында массалык мушташ уюштурган Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди.

Дем алыш күнү кыргыз менен тажик жарандары ортосунда болгон окуядан кийин социалдык тармактарда "тажиктерди жазалоо жөнүндө" терс чакырыктар тарай баштаган. 2020-жылдын 21-июлунда кыргыз жана тажик улутундагы белгисиз адамдар Москванын аймагындагы коомдук жайда массалык мушташ чыгарган.

Жогорудагы факты боюнча Россиянын Ички иштер министрлигинин Түндүк административдик аймагынын башкы башкармалыгынын Москва шаары боюнча ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча кылмыш ишин козгогон. Жогорудагылардын негизинде Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча башкы башкармалыгы тажик жана кыргыз жарандары тарабынан ар кайсы мессенджерлерден укукка каршы иш-аракеттерди жасоого чакырган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде текшерүүнү баштаган.

Аталган факты боюнча шектүү катары Кыргыз Республикасынын 9 жараны жана Тажикстандын 9 жараны кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий