• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвадагы "Кыргызстан" павильонун оңдоп-түзөө иштери 92 пайызга аткарылды

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кечээ, 3-мартта Москва шаарында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтын "Соода-көргөзмө борбору" акционердик коомунун өкүлдөрү Ирина Яремко жана Людмила Русинова менен жолугушуусу болду.

Элчиликтен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Соода-көргөзмө борборундагы №4 "Кыргызстан" павильонунда реставрациялык оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат алынды.

Элчи павильонду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экономикалык өнөктөштүктүн жаңы формасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөөрүн, ошондой эле кыргыз элинин тарыхый жана маданий мурастары менен тааныштыруу аркылуу улуттар аралык мамилени бекемдөөгө жана Кыргызстандын оң имиджин түзүүгө кызмат кыларын белгиледи.

Элчиликтен кошумчалашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаңы форматта ишке кире турган "Кыргызстан" соода-көргөзмө борборуна барып, оңдоп-түзөө иштери менен жеринен таанышып чыгышкан.

Маалымат үчүн: Москва шаарындагы ВДНХнын аймагында жайгашкан "Кыргызстан" соода-көргөзмө борбору федералдык маанидеги маданий мурас болуп эсептелген объект. 1954-жылы курулган, жалпы аянты 599,8 чарчы метрди түзөт.

2021-жылдын 3-мартына карата имараттагы оңдоп-түзөө иштери 92 пайызга бүтүп калган.

Пикир

Оставить комментарий