• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвадагы кыргызстандыктар мигранттардан курама топтоп, көчмөндөр оюнуна катышууну пландап жатышат

Коом 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Москвадагы кыргызстандыктар мигранттардын курамасын топтоп, үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында Ысык-Көл облусунда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууну пландап жатышат.

Күн мурун Москвадагы кыргызстандыктар кыргыздын улуттук Ордо оюну боюнча анча чоң эмес турнир уюштурушкан. Ага мигрант-спортчулар жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү катышкан.

“Береке” тобунун мүчөсү Уланбек Буланбековдун айтуусунда, кыргызстандыктар Москвада биринчи жолу Ордо боюнча турнир өткөрүшкөн. “Биз бул оюнду жумасына ойноп турууну пландап жатабыз. Андан тышкары Москванын Рамен районундагы кыргызстандыктар жума сайын көк-бөрүнү ойношот. Бул иш-чаралар мекендештерибиз өздөрүнүн маданиятын жанан улуттук оюндарды унутта калдырбоо максатында уюштурулуп жатат”,-деп билдирди ал.

Буланбеков кошумчалагандай, Москвадагы кыргызстандыктар ДКОго катышуу үчүн спорттун үч түрү боюнча өздөрүнүн курамаларын түзүшкөн: көк-бөрү, Ордо жана күрөш.

“Учурда биз Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлерине көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн кандай шарттар бар экендигин тактап жатабыз”,-деп билдирди Буланбеков

Пикир

Оставить комментарий