• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Москвада Кыргызстандын кармалган жарандарына консулдук жана укуктук жардам көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 2-3-августунда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин консулдук кызматкерлери Кыргызстандын кармалган жарандарына консулдук жана укуктук жардам көрсөтүү максатында Москва шаарынын полиция бөлүмдөрүнө барышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Россиянын Ички иштер министрлигинин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын Түндүк-Чыгыш административдик округунун Ички иштер департаментине Кыргыз Республикасынын 32ге жакын жараны алынып келинген, алардын ичинен 25 адам Россиянын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат базасынан текшерүүдөн жана идентификациялоо процедурасынан кийин бошотулган. 2021-жылдын 2-августунда КРнын калган 7 жараны Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кийлигишүүсүнөн кийин бошотулган.

2021-жылдын 3-августунда элчиликке Преображенская аянтынын метро станциясынын жанынан Кыргыз Республикасынын 22 жараны кармалганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалымат келип түшөрү менен элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкерлери Москва шаарынын Преображенское району боюнча Россиянын ИИМнин бөлүмүнө барышкан. КР 6 жараны административдик штрафы бар үчүн кармалган. Административдик протокол түзүлгөндөн кийин жарандардын баары кое берилген.

Пикир

Оставить комментарий