• 82.28
  • 86.3
  • 1.28

Москвадагы массалык мушташ: Каза болгон кыргызстандык жарандын сөөгү мекенине жөнөтүлөт

Кырсык 0

Бишкек, 20.06.19. /Кабар/. Москва шаарында кыргызстандыктардын арасында массалык мушташ чыгып, кыргызстандык жарандын каза болгондугу айтылган ЖМКларда чыккан кабарлар боюнча КРнын Россиядагы элчилиги маалымат берди.

Маалыматка ылайык, бул окуя кечээ,19-июнда саат 05:30дар чамасында Москва шаарынын “Электрозаводская” метросунун жанында болгон. Бычактан алган жаракаттан улам Кыргызстандын М.Н.А. аттуу жараны каза болгон.

Бул окуядан кийин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

“Азыркы кезде адам өлтүрүү кылмышына шектүү адамдарды кармоо боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер жасалууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ЖМКларда чыккан маалыматтарда айтылгандай, кечээги мушташта бир адам каза болсо, үчөө жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий