• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Москвадагы мигранттар Кара-Кулжадагы ооруканага медициналык жабдыктарды жөнөттү

Аймак 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар Кара-Кулжа районунун ооруканасына медициналык жабдыктарды жөнөттү. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Кулжа районунун кулундары райондогу ооруканаларда медициналык жабдык жана каражаттардын жетишсиз экенин угуп, жардам берүүнү чечкен. Ал демилгени учурда Москвада иштеп жаткан Таалайбек Касымовдун балдары көтөрүп чыккан.

Кара-Кулжа районунун ооруканаларына 3 кычкылтек концентратору, 5 рециркулятор, 10 термометр, 5 пульсоксиметр берилген.

Пикир

Оставить комментарий