• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Москвада көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өрт чыгып, 8 адам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Москва шаарындагы Никит бульварында жайгашкан көп кабаттуу үйдө өрт чыгып, 8 адам көз жумган. Алардын экөө баш балдар болгон. Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өрт кечээ, 4-февраль күнү саат 01:40 чамаларында көп кабаттуу үйдөн бешинчи кабатында башталган. Тилсиз жоо таңкы саат 05:09да чектөөгө алынган.

Өрт 1,5 миң чарчы метр аянтты каптаган. Үйдөн 42 адам чыгарылган, анын ичинде сегизи жаш балдар.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр чубалгыларынын чукул туташуусунан келип чыгышы мүмкүн.

Батирлери эң көп жабыркаган эки үй-бүлө мүчөлөрү мейманканага жайгаштырылган, калгандары бул сунуштан баш тартышкан.

Революцияга чейин курулган бул имарат маданий мурастагы объекттердин катарына кирет.

Пикир

Оставить комментарий