• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Москвадагы жол кырсыгынан кийин полиция КР жаранынын үстүнөн кылмыш ишин козгоду

Коом 0

Бишкек, 18.06.18. /Кабар/. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Москванын борборунда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен Кыргызстандык айдоочуну кармашты. Катталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Окуя Ильинка көчөсүндө болгон, кырсыктан жети адам жабыркаган, каза болгондор жок.

Москва өкмөтүнүн Жол кыймылын уюштуруу уюмунун борборунун маалыматы боюнча, унаа каражаты “Чекпоинт” компаниясына таандык болгон. Ишкана дүйнө чемпионатынын аккредитациясына ээ болгон эмес.

Москванын мэри Сергей Собянин абалды жеке көзөмөлдөп жаткандыгын билдирди.

ИИМден кабарлашкандай, жол кырсыгынын болжолдуу себеби – айдоочу унааны башкара албай калгандыктан келип чыккан. Айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү атайылап коюп кетпегендигин айтты.

Пикир

Оставить комментарий