• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москвадан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачылат

Аймак 0

Бишкек, 14.07.21. /Кабар/. Москвадан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачылат. Бул тууралуу «Маас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту 2021-жылдын жайкы туристтик мезгилин утурлай, 15-июлда Москвадан алгачкы каттамды тосуп алмакчы.

Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын «Аэрофлот» авиакомпаниясы жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.

««Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттердин баасын көзөмөлдөп же ага таасир тийгизе албайт, билеттерди сатууга да тиешеси жок. Баа саясатын авиабилеттерди ишке ашырган авиакомпания ички эрежелерине ылайык аныкташат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий