• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Москванын тергөө башкармалыгы көк-бөрү оюнундагы аттарга карата катаал мамиле жасоо фактысын текшерет

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Москванын тергөө башкармалыгы 24-февралда Москвада өткөн көк-бөрү оюнундагы аттарга карата катаал мамиле кылуу фактысын текшерет. Бул тууралуу Россиянын тергөө комитетинин сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, ошол күнү Москвада өткөн көк-бөрү оюнунда аттар жаракат алганы боюнча маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан. Мындан улам Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин бул маселени текшерүүнү тапшырган.

"Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгы жаныбарларга карата катаал мамиле жасалгандыгы боюнча ЖМКларда чыккан маалыматтарды текшерип жатат. Анын жыйынтыгы менен же негиз болсо процессуалдык чечим кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 24-февраль күнү Москва шаарында көк-бөрү оюну болуп өткөн. Ал оюндан кийин россиялык ЖМК менен социалдык тармактын колдонуучулары оюнда аттарга карата жасалган мамилени сынга алышкан.

Пикир

Оставить комментарий