• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек шаарында баңгизаттардын терс кесепеттери талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.11.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн баңги саясаты боюнча комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга комиссиянын төрагасы Польшанын экс-президенти Александр Квасиньевский дагы катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шаардагы баңги саясаты боюнча кырдаалды жана аны реформалоонун илимий жактан негизделген жолдорун талдап, ошондой эле ВИЧ/СПИД, гепатит жана башка вирустук оорулардын жайылышына каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты.

Вице-мэр каралып жаткан маселелердин актуалдуулугун жана курамында дары-дармек бар препараттар менен иштөө механизми жаатындагы программаларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, комиссия баңгизаттарынын адамдарга жана коомго тийгизген зыянын азайтуунун гумандуу жана эффективдүү жолдорун аң-сезимдүү, илимий жактан негизделген талкууну эл аралык деңгээлге жеткирүү максатында түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий