• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

МСК: 2 аэропортто жана 4 темир жол станциясында ЕАЭБ алкагында товарларды эсепке алуу пункттары иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 09.09.20. /Кабар/. 2 эл аралык аэропортто жана 4 темир жол станциясында Кыргызстанга товарларды ташып келүүдө ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен соодалашуунун алкагында товарларды эсепке алуу боюнча пункттар иштеп баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Эсепке алуу пункттарынын ишке кириши КР өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы токтомуна ылайык жүргүзүлүүдө.

Товарларды эсепке алуу пункттары "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда, "Кара-Балта" (Жайыл району), "Аламүдүн" (Аламүдүн району), "Кара-Суу” (Кара-Суу району), "Бишкек-1" (Бишкек шаары) темир жол станцияларында ачылат.

Ушуга байланыштуу, темир жол же аба транспорттору менен товарларды ташып келүүчү импорттоочулар ташып келинген жүктөрүнө болгон документтерин андан ары салык төлөө үчүн товарларды эсепке алуу пунктунан эсепке коюуга милдеттүү болот.

Пикир

Оставить комментарий