• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МСК 20-марттан баштап Бирдиктүү салык декларациясын түн жарымына чейин кабыл алууну баштайт

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Өлкөнүн салык органдары үстүбүздөгү жылдын 20-мартынан баштап салык төлөөчүлөргө декларацияны тапшырууда толук жана ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында Бирдиктүү салык декларациясын түн жарымына чейин кабыл алып баштайт. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинде, 20-марттан 31-мартка чейин майрам жана эс алуу күндөрүндө дагы бардык салык органдарында декларацияларды кабыл алуу саат 9:00дөн түн жарымына чейин жүргүзүлөт.

БСДны иш күндөрү тапшырууга жетишпей жаткан салык төлөөчүлөр иш убактысы бүткөн соң, тактап айтканда 18:00дөн кийин да тапшыра алышат.

Эскерте кетсек, физикалык жактар 1-апрелге чейин 2016-жылдагы кирешелери тууралууу же экономикалык ишмердиги, мүлктөрү жана жер тилкелери тууралуу маалыматтарды салык органдарына бериши зарыл.

Белгиленген мөөнөткө чейин БСДны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде, патенттик негизде салык төлөгөн жактар, салык төлөнүүчү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк ээлери, юридикалык жакты түзбөстөн ишмердигин жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Кеңири маалыматты салык кызматынын 194 номерлүү чалуу борборунан же www.sti.gov.kg. сайтынан алсаңыздар болот.

Пикир

Оставить комментарий