• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК: 2022-жылы алкоголдон акциз салыгынын түшүүсү 86%га өстү

Экономика 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардан 1 млрд 780,1 млн сом акциз салыгын чогулткан.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, бул 2021-жылдагы көрсөткүчтөн 86,1 % өсүү ыргагы менен 823 млн сомго көп.

Салык органдары тарабынан алкоголдук продукциянын жүгүртүлүшүнө контролду күчөтүүнүн эсебинен акциз салыгынын түшүүсү өскөн.

Ошондой эле, идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз, электрондук эсеп-фактура сыяктуу салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору, ошондой эле акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоор өз натыйжаларын берди.

Мындан тышкары, 2022-жылы алкоголдук продукциянын негизги өндүрүүчүлөрүнөн акциз салыгынын түшүүсү 2021-жылга салыштырмалуу 5 эсеге өскөн.

Алсак, "АЮ" ЖЧКдан 539,9 млн сом акциз салыгы түшкөн, 2021-жылы бул сумма 374 млн сомду түзгөн, "Столичный винно-водочный завод" ЖЧК – 395,8 млн сом (2021-жылы 124,7 млн), "Абдыш-Ата" ЖЧК – 280,9 млн сом (2021-жылы 197 млн), "Кыргыз Коньягы" ЖЧК – 110,9 млн сом (2021-жылы 78,1 млн), "Одекс" ЖЧК – 102,4 млн сом (2021-жылы 19,5 млн сом).

Алкоголдук продукцияларды өндүрүүчүлөрдөн акциз салыгынан тышкары, салыктын бардык башка түрлөрү боюнча түшүүлөр көбөйүп, 2,4 млрд сомду түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 860 млн сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий