• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МСК: 3 айда тамекиге 78,6 млн жана алкоголдук продукцияга 3,1 млн маркалоо коду берилген

Коом 0

Бишкек, 12.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-июлунан 1-октябрына чейинки мезгилде тамеки продукциясына 78,6 млн маркалоо коду, алкоголдук продукцияга 3,1 млн код берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Товарларды маркалоо» автоматташтырылган маалыматтык системасында 11 тамеки продукциясын импорттоочу, 8 өндүрүүчү жана 27 алкоголдук ичимдиктерди импорттоочу катталган жана маркалоо коддорун алышат.

Маркаланган товарлардын келип чыгышынын аныктыгын «Текшер» мобилдик тиркемеси аркылуу аныктаса болот, ал 2021-жылдын сентябрынан тартып иштей баштады.

Эскерте кетсек, КРда алкоголдук жана тамеки буюмдарын милдеттүү түрдө маркалоо 2021-жылдын 1-июлунан тарта киргизилген.

Мындан тышкары, 2021-жылдын 1-майынан тартып Россияга текстиль продукциясын экспорттогон субъекттер үчүн 156 миң код берилген.

2021-жылдын январынан тартып РФга бут кийим жана кийим-кече продукцияларын экспорттоочуларга маркалоо коддору берилүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда маркаланган товарларды маркалоонун жана байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору (администратору) "Альфа Телеком" ЖАК болуп саналат. Ал маркаланган товарларга маркалоо жана байкоо жүргүзүү системасынын иштешин, ошондой эле ЕАЭБ аймагына маркаланууга тийиш болгон товарларды экспорттоодо жана импорттоодо ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук операторлору менен өз ара аракеттенүүнү камсыздайт.

Маркалоо долбоорун ишке ашыруу Россия Федерациясынын кайтарымсыз техникалык жардамынын эсебинен жүзөгө ашырылууда, ал эми долбоордун айрым компоненттери Альфа-Телеком ЖАК тарабынан өз алдынча ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий