• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

МСК 5 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча планды ашыгы менен аткарды

Экономика 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 2021-жылдын январь-май айларында болжолдогу 36 млрд 442,6 млрд сомдун ордуна 38 млрд 429,1 өлчөмүндө салык жана төлөмдөр жыйналган.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, белгиленген план 105,5%га же дээрлик 1 млрд 986 млн 500 миң сомго ашыгы менен аткарылган.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 11 млрд 461 млн 400 миң сомго көбүрөөк түшкөн же өсүү ыргагы 142,5%ды түзгөн.

Мында республикалык бюджетке болжолдогу 29 млрд 619,4 млн сомдун ордуна 30 млрд 937,8 млн сом жыйналып, белгиленген план 104,5%га же 1 млрд 318 млн 300 миң сомго ашыгы менен аткарылган. 2020-жылдын ушул мезгилине салштырмалуу жыйымдар 9 млрд 530 млн 400 миң сомго көбөйгөн (өсүү ыргагы 144,5% ды түзгөн).

Жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктардын суммасы болжолдогу 6 млрд. 823 млн 200 миң сомдун ордуна 7 млрд 491 млн 300 миң сомду түзүп, план 109,8%га же 668 млн 200 миң сомго ашыгы менен аткарылды. 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 931 млн сомго көбүрөөк түштү (өсүү ыргагы 134,7%).

2021-жылдын май айында болжолдогу 8 млрд 584,6 млн сомдун ордуна 8 млрд 647,5 млн сом суммасында салык жана төлөмдөр жыйналып, 100,7%га аткарылган же 62,9 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшүүлөр 2021-жылдын январь-май айларында 15 млрд 193,6 млн сом өлчөмүндө камсыз кылынып, белгиленген план 102,5%га же 373,6 млн сомго ашыгы менен аткарылган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 млрд 593,6 млн сомго көп жыйналган же өсүү ыргагы 120,6 %ды түзгөн (2020-жылдын январь-май айларында - 12 600 млн сом).

2021-жылдын май айында камсыздандыруу төгүмдөрү 3 млрд 172,9 млн сомго камсыз кылынган. Болжолдуу көрсөткүчтөр 100,1% га же 2,9 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

Салык кызматы үстүбүздөгү жылы 97 млрд сомдон кем эмес суммада салыктарды жыйноону пландаштырууда.

Пикир

Оставить комментарий