• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

МСК 8 айда 50,7 млрд сом салык жыйнады

Экономика 0

Бишкек, 07.09.18. /Кабар/. Алдын-ала маалымат боюнча, 2018-жылдын январь-август айларында Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 50 млрд 726,6 млн сом

суммасында салыктар жана төлөмдөр чогултулду. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коюлган план 100,9 %га аткарылып, 442,1 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 4млрд 943,3 млн сомго же 10,8 %га жогорулаган.

Ошону менен бирге, август айында 7млрд 221,1 млн сом суммасында салыктар чогултулду. Аткаруу 102,6 %ды түзүп, 181,1 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Салыктарды чогултуу 2017-жылдын август айына салыштырмалуу 795,1млн сомго же 12,4 %га жогорулаган.

Пикир

Оставить комментарий