• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

МСК 9 айда ишкерлердин салыгынын суммасы 57,7 мнл сомго төмөндөгөнүн аныктаган

Экономика 0

Бишкек, 12.10.17. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын 9 айында салыктык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалган ишкерликке шек саноодо 14 бузуу фактысын аныктаган. Бул тууралуу КР МСК басма сөз кызматы билдирди.

Салыктык текшерүүлөрдүн нтаыйжасында салыктын жалпы суммасынын 57,7 млн сомго, анын ичинен негизги салык 50,4 млн сом өлчөмүндө төмөндөшү белгиленген.

Ошентип, “Пульт-Строй” ЖЧКсы менен байланышы бар ишкерлик субъекттери боюнча 19 салыктык текшерүү, анын ичинде 4 көчмө, 2 камералык текшерүү жана 13 кайра текшерүүлөр жүргүзүлгөн. Алардын жыйынтыктары боюнча сумманын эсебинен 9,6 млн сом КНС, анын ичинде 6,5 млн сом негизги салык чыгарылган. Ошону менен бирге салыктык милдеттемелердин түшүүсү 3,2 млн сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий