• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК 9 айда салык отчетун бербеген 36 миңден ашык салык төлөөчүнү издеп тапты

Экономика 0

Бишкек, 26.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 9 айында салык отчетторун бербеген 36 миң 841 салык төлөөчүнү издеп тапты. Алардын ичинен 8 миң 496 юридикалык жак, 10 миң 330 жеке ишкер, 2 миң 718 дыйкан (фермердик) чарба жана 15 миң 297 жеке жак. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул аралыкта салык органдарынан каттоодон өтпөгөн 18 миң 465 ишкердик субъект да изделип табылган. Алардын ичинен 2 миң 324 ү юридикалык жак, 7 миң 712си жеке ишкер, 3 миң 339у дыйкан (фермердик) чарба жана 5 миң 90у жеке жак.

Мындан тышкары, 7 миң 332 ишкер, анын ичинен соттун чечими боюнча 2 миң 118 субъект жоюлду.

Бул иш-чаралар экономиканын көмүскө секторунда иш жүргүзгөн чарба субъекттердин салык төлөөдөн качуу фактыларын табуунун, ошондой эле жалган ишкердикке каршы күрөшүүнү күчөтүүнүн алкагында жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий