• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

МСК: Бүгүн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын экинчи утушу өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда саат 16:00дө Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи утушу өткөрүлөт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, түз эфирди “Ала-Тоо 24” телеканалынан жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан көрүңүз.

Экинчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 даана iPhone, 10 смартфон жана 16 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.

"Кошулуңуз! Лотереяны онлайн режиминде көрүү жана жеңүүчүлөрдүн, бактылуу байге ээлеринин, аттарын билүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий