• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

МСК: Бүгүн юридикалык жактардын Бирдиктүү салык деклорациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Экономика 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Бүгүн, 28-февралда юридикалык жактардын Бирдиктүү салык деклорациясын көрсөтүүнүн мөөнөтү бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирди.

Ушуга байланыштуу МСК Бирдиктүү салык деклорациясын тапшыра элек юридикалык жактарды бүгүн жарым түнгө чейин тапшырууга чакырат.

Бүгүн бардык аймактык салык органдары деклорацияны түнкү саат 12:00го чейин кабыл алат.

Эскерте кетсек, 1-мартка чейин юридикалык жактар 2016-жылы алган кирешелери же экономикалык ишмердүүлүгү, мүлк объектилери жана жер тилкелери тууралуу маалыматты салык органдарына бериши керек. Бирдиктүү салык деклорациясын ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемеси бар КРда ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан чет элдик уюмдар да берүүгө милдеттүү.

Деклорацияны өз убагында тапшырбагандарга 5 миң сомго чейин айып салынат.

Толук маалыматты 194 телефону аркылуу жана www.sti.gov.kg сайтынан ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий