• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

МСК: Балыкчыда арак заводу алкоголду мыйзамсыз өндүрүп жаткандыгы аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 02.10.20. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан арак заводдорунун биринде спиртти жана алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүү боюнча лицензиялык талаптарды бузуу фактыларын аныкташты.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, заводдо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат берүү менен чыгым эсептегичтер жана видеобайкоо иштебей жаткандыгы рейддик иш-чаранын жүрүшүндө аныкталды.

Мындан тышкары, калдыктарды чыгарууда заводдун спирт сактоочу жайларында контролдук пломбалар, ошондой эле мурда сатылып алынган этил спирти жок экендиги аныкталды, бул өлкөнүн бюджетине тиешелүү салыктарды ушул субъект тарабынан төлөбөй калуу коркунучун жаратат.

Уруксат берүүчү документтердин жоктугуна байланыштуу, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 7 миң 842 бөтөлкө даяр алкоголдук продукция тартып алынды, анын ичинен 533 бөтөлкө Казакстан Республикасынын күмөндүү акциздик маркалары менен.

Аныкталган фактылар боюнча чарба жүргүзүүчү субъектке карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий