• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

МСК башчысынын орун басары коомдук тамактануу тармагында баалардын көтөрүлүшүн жокко чыгарган жок

Экономика 0

Бишкек, 03.02.22. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов коомдук тамактануу тармагында баалардын көтөрүлүшүн жокко чыгарган жок.

Ал брифинг учурунда билдиргендей, мүмкүн болгон баанын өсүшү салыктан көз каранды эмес. Ал азык-түлүккө дүйнө жүзүндөгү баанын өсүшү менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин айтты.

“Албетте, мындай ыктымалдуулук бар, бирок бул чөйрөдө баары ишкерлердин баа саясатын кандай түзөөрүнөн көз каранды. Мисалы, кээ бир мекемеде алар тамак-ашка гана эмес, тейлөөгө да акы алышат. Ал эми айрым мекемелерде бул абдан чоң көрсөткүчтү - 15% пайызды түзөт. Же болбосо алкоголдук ичимдиктердин жана тамекилердин баасын абдан кымбаттатып коюшат. Бир сөз менен айтканда, маселени салык төлөөчү өзү жөнгө салат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий