• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

МСК бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап калгандыгын эскертет

Экономика 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындап калгандыгы тууралуу эскертет.

Алсак, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына чейин 4-топтогу (транспорт каражаты) мүлк салыгын, 2-сентябрына чейин – турак үйлөр, батирлер (ишкердик иш үчүн колдонулбаган) жана жер салыктарын (үй алдындагы, короо жай жана багбанчылык-огороддук жер участоктору) төлөө зарыл.

Жарандар салык органына барбай эле өзү үчүн салык төлөөнүн ыңгайлуу ыкмасын тандай алышат. Салыктарды каалаган банк мекемесинин кассаларында, почта бөлүмдөрүндө, ошондой эле төлөм жана жеке-терминалдар, мобилдик банкинг жана уюлдук тиркемелер, төлөм карталары же башка аралыкта орнотулган жабдуулар аркылуу төлөсө болот.

Салыктын суммасын www.sti.gov.kg сайтынан электрондук калькуляторду пайдалануу менен (Электрондук сервистер – Электрондук жардамчылар жана калькулятор) өз алдынча эсептөөгө болот.

Толук маалыматты 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий